# 19-берене. Иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 19-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-19

---

1. Тергөөчү иштин жагдайларын ар тараптуу, объективдүү жана толук изилдөө үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүүгө, шектүүнү, айыпталуучуну айыптоочу жана актоочу, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды аныктоого милдеттүү.

2. Сот иште болгон жана берилген далилдерди изилдейт. Сот өз демилгеси боюнча тергөөнүн толук эместигин четтетүү максатында кошумча далилдерди чогултууга укуксуз.

Кылмыш ишин карап жаткан сот объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен айыптоочу жана коргоочу тараптарга алардын жагдайларын ар тараптуу жана толук изилдөөгө укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.

3. Кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүүдө тергөөчү кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды аныктоого милдеттүү. Ушундай негиздер болгон учурда тергөөчү токтом чыгарып, аны менен мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызмат адамдарынын көңүлүн иш боюнча аныкталган мыйзамды бузуу фактыларына, кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган себептерге жана шарттарга бурат.

Жеке аныктама төмөн турган сот тарабынан ишти териштирүүдө жол берген мыйзам бузууларды аныктаганда жогору турган сот тарабынан чыгарылат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-20)
