# 189-берене. Кошумча жана кайталап жүргүзүлгөн экспертизалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 189-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-189

---

1. Кошумча экспертиза биринчи экспертизаны жүргүзүүдө алынган корутундунун тыянактары анчалык так же толук болбогондо, ошондой эле жаңы кошумча маселелерди чечүү зарылдыгы келип чыкканда дайындалат.

2. Кошумча экспертизаны жүргүзүү тигил же бул экспертке тапшырылышы мүмкүн.

3. Кайталап жүргүзүлгөн экспертиза эксперттин буга чейинки корутундусу жетиштүү түрдө негизделбесе, же анын тыянактары иштин факт жүзүндөгү жагдайларына карама-каршы келсе жана анын тууралыгына шектенүү болсо, же экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү жөнүндө процессуалдык ченемдер олуттуу түрдө бузулган учурларда ошол эле объекттерди изилдөө жана ошол эле маселелерди чечүү үчүн дайындалат.

4. Кайталанган экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо мурдагы экспертизанын натыйжалары менен макул болбоонун жүйөлөрү милдеттүү түрдө келтирилүүгө тийиш.

5. Кайталанган экспертизаны жүргүзүү башка экспертке же болбосо эксперттердин комиссиясына тапшырылат.

6. Кошумча жана кайталанган экспертизаларды жүргүзүү тапшырылганда экспертке (эксперттерге) мурдагы экспертизалардын корутундулары берилиши керек.

7. Эгерде эсеби боюнча экинчи же андан кийинки экспертиза бир нече негиздер боюнча дайындалган учурда, алардын бири кошумча экспертизага, ал эми башкасы кайталанган экспертизага таандык болот, мындай экспертиза кайталанган экспертизаны жүргүзүү эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-190)
