# 188-берене. Комплекстүү экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 188-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-188

---

1. Комплекстүү экспертиза иш үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды белгилөө үчүн түрдүү билим тармактарынын негизиндеги изилдөөлөр зарыл болгон учурда дайындалат жана өз компетенциясынын чегинде түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү канча көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрү камтылган бөлүгүнө кол коёт.

3. Ар бир эксперт тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде аны белгилөө үчүн экспертиза дайындалган жагдайлар жөнүндө жалпы тыянак (тыянактар) түзүлөт. Жалпы тыянак (тыянактар) экспертиза жүргүзгөн бардык эксперттер тарабынан түзүлөт жана кол коюлат. Эгерде комиссиянын акыркы тыянагынын негизи же анын бир бөлүгү болуп эксперттердин бири (өзүнчө эксперттер) тарабынан белгиленген фактылар саналса, анда бул жөнүндө корутундуда көрсөтүлүшү керек.

4. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет, анда ал жеке өзү изилдөөнүн кайсы бөлүгүн жүргүзгөндүгүн, ал кайсы фактыларды белгилегендигин, эмненин негизинде жана кандай тыянакка келгендигин көрсөтөт.

5. Эксперттик уюмга тапшырылган комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу анын жетекчисине жүктөлөт. Эксперттик уюмдун жетекчиси ошондой эле комплекстүү экспертизаны жүргүзүү жана аны жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндөгү чечимди өз алдынча кабыл алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-189)
