# 187-берене. Комиссиялык экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 187-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-187

---

1. Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы болгон учурларда дайындалат жана бир адистиктеги эки же андан ашык эксперт тарабынан жүргүзүлөт.

2. Адамдын акыл-эсинин жайындалыгы тууралуу маселе боюнча соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн 3төн кем эмес эксперт дайындалат.

3. Тергөө судьясынын, тергөөчүнүн комиссиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндөгү токтому эксперттик уюмдун жетекчиси үчүн милдеттүү. Эксперттик уюмдун жетекчиси комиссиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алууга жана аны жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.

4. Комиссиялык экспертизаны жүргүзүүдө эксперттердин ар бири алардын алдына коюлган маселелерди чечүү зарылдыгына жараша эксперттик изилдөөнү толук көлөмдө, бирөөгө көз каранды болбостон жана өз алдынча жүргүзөт. Эксперттик комиссия алынган жыйынтыктарга биргелешип талдоо жүргүзөт жана жалпы пикирге келип, корутундуга же корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүгө кол коёт.

5. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири же эксперттердин бир бөлүгү өзүнчө корутунду берет же өзүнүн пикири комиссиянын калган мүчөлөрүнүн тыянактары менен дал келбеген эксперт өзүнүн пикирин корутундуда өзүнчө түзүп берет.

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-188)
