# 185-берене. Экспертизаны эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 185-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-185

---

1. Тергөө судьясы, тергөөчү эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлүүчү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарылганга чейин алар экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенген эксперттин инсандыгын, ошондой эле анын аталган тармактагы тажрыйбасын жана компетенттүүлүгүн тастыктоого, анын шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу жана экспертизага дуушар болгон адам менен мамилесин тактоого, ошондой эле эксперттен баш тартууга негиздердин жоктугун текшерүүгө милдеттүү.

2. Зарыл маалыматтарды аныктагандан кийин тергөө судьясы, тергөөчү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, аны экспертке тапшырат, ага ушул Кодекстин 56-беренесинде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет. Бул аракеттердин аткаруусу жөнүндө тергөө судьясы, тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго белги коёт, ал эксперттин колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт.

3. Эксперт тарабынан жасалган билдирүүлөр жана анын өтүнүчтөрү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт. Эксперттин өтүнүчүн четке кагуу жөнүндө экспертизаны дайындаган адам жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.

4. Эксперттин (эксперттердин) ага экспертизанын предметине тиешеси бар иштин материалдары менен таанышууга мүмкүндүк берүү жөнүндө; ага корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүү жөнүндө; башка тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана суракка алууда ишти чечүү үчүн мааниге ээ болгон экспертизанын предмети боюнча суракка алынып жаткандарга суроо берүүгө уруксат берүү жөнүндө өтүнүчтөрү милдеттүү түрдө канааттандырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-184)  
Кийинки берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-186)
