# 181-берене. Шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн, адвокаттын жана жабырлануучунун өкүлүнүн экспертизаны дайындоодогу жана жүргүзүүдөгү укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 181-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-181

---

1. Экспертиза дайындоодо жана жүргүзүүдө шектүү, айыпталуучу, адвокат, жабырлануучу жана анын өкүлү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) экспертиза дайындоо жөнүндө токтом менен таанышууга;

2) экспертти четтетүүнү билдирүүгө;

3) алар көрсөткөн адамдарды эксперт катары тартууга, ошондой эле эксперттердин комиссиясы тарабынан экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө;

4) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомго экспертке кошумча суроолорду киргизүүнү же коюлгандарды тактоону өтүнүүгө;

5) экспертиза жүргүзүүдө прокурордун, тергөөчүнүн уруксаты менен катышууга, экспертке түшүндүрмө берүүгө;

6) эксперттин корутундусу же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү, ошондой эле экспертти суракка алуу протоколу менен таанышууга.

2. Экспертиза жүргүзүлгөн күбө эксперттин корутундусу менен таанышууга укуктуу.

3. Жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн экспертизасы алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Эгерде бул адамдардын жашы жете элек болсо же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан экспертиза жүргүзүүгө жазуу жүзүндө макулдук берилет. Аталган эреже ушул Кодекстин 178-беренесинде каралган учурларда экспертиза жүргүзүүгө жайылтылбайт.

4. Экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөлөрдүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз, бирок экспертиза предметине кирген түшүндүрмөлөрдү бере алышат. Эгерде экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучусу эксперттин ишине жолтоо кылган учурда, эксперт изилдөөнү токтотууга жана процесстин көрсөтүлгөн катышуучусуна экспертиза жүргүзүүгө катышууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө прокурордун, тергөөчүнүн алдында өтүнүч жасоого укуктуу.

5. Соттук психиатриялык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаны жүргүзүү купуялуулук шартында жүзөгө ашырылат.

6. Жылаңачтоо менен коштолгон адамга карата эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ошол жыныстагы адамдар гана катыша алат. Бул чектөө аталган изилдөөлөрдү жүргүзүүдө катышуучу врачтарга жана башка медициналык кызматкерлерге жайылтылбайт.

7. Эксперт корутунду түзүүдө, ошондой эле эксперттердин кеңешмесинин жана тыянактарды түзүүнүн баскычында эгер экспертиза эксперттердин комиссиясы тарабынан жүргүзүлсө, процесстин катышуучуларына катышууга жол берилбейт.

8. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан берилген өтүнүч канааттандырылган учурда, тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө өзүнүн токтомун өзгөртөт же толуктайт. Өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан учурда ал жүйөлөнгөн токтом чыгарат, ал өтүнүч берген адамдын колун койдуруп алуу менен ага билдирилет.

---

Мурунку берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-180)  
Кийинки берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-182)
