# 18-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашыруу принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 18-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-18

---

1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү айыптоо жана коргоо тараптарынын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Айыптоо, коргоо жана сот тарабынан ишти чечүү бири-биринен ажыратылган жана ар түрдүү органдар жана адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Сот объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен тараптардын процессуалдык укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу тараптар тең укуктуу. Соттун процессуалдык чечими, ар бир тараптын бирдей негизде катышуусун камсыз кылуу менен изилденген далилдерге гана негизденет.

5. Тараптар кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө өзүнүн позициясын, аны жактоо ыкмаларын жана каражаттарын өз алдынча жана сотко, башка органдарга жана адамдарга көз карандысыз тандайт. Сот тараптын өтүнмөсү боюнча ушул Кодексте каралган тартипте ага зарыл материалдарды алууга көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-19)
