# 175-берене. Күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 175-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-175

---

1. Эгерде бул үчүн соттук экспертиза жүргүзүү талап кылынбаса, кылмыш иши үчүн мааниси бар адамдын денесиндеги өзгөчө белгилерди, кылмыштын издерин, дене жаракаттарын, мас абалын же башка касиеттери менен белгилерин табуу үчүн шектүүнү, айыпталуучуну жана жабыр тартуучуну күбөлөндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Күбөлөндүрүүдө адам үчүн коркунучтуу же анын кадыр-баркын кетирүүчү аракеттерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анда бул тергөө аракетин жүргүзүүнүн негиздери, максаты, ошондой эле күбөлөндүрүүгө дуушар болгон жак көрсөтүлөт.

3. Адам күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда, ал ушул Кодекстин 269-беренесинде белгиленген тартипке ылайык тергөө судьясынын токтомунун негизинде айдатып келүүгө жана кийин мажбурлап күбөлөндүрүлүүгө дуушар болот.

4. Күбөлөндүрүү тергөөчү же алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт. Зарыл болгондо тергөөчү күбөлөндүрүү жүргүзүүгө катышууга адисти тартат.

5. Башка жыныстагы адамды күбөлөндүрүүдө тергөөчү катышпайт. Бул учурда күбөлөндүрүү врач тарабынан жүргүзүлөт.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган учурларда фотосүрөткө, видеожазууга тартуу күбөлөндүрүлүүчү адамдын макулдугу менен жүргүзүлөт. Аларды көрсөтүү күбөлөндүрүлгөн адам үчүн мазактоо катары каралышы мүмкүн болгон сүрөттөр мөөрлөп бекитилген түрдө сакталат жана соттук териштирүүнүн убагында сотко гана берилиши мүмкүн.

7. Күбөлөндүрүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө тергөөчү ушул берененин жана ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзөт.

8. Протоколдо тергөөчүнүн бардык аракеттери, ошого тете адамды күбөлөндүрүүдө бардык табылган касиеттери жана белгилери күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн ыраатта жана күбөлөндүрүү учурунда табылып байкалган түрдө баяндалып жазылат.

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-176)
