# 174-берене. Өлүктү карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 174-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-174

---

1. Тергөөчү адамдын өлүгүн кароону ал табылган жерде ушул Кодекстин 172-беренесинин талаптарын сактоо жана соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жүргүзөт. Эгерде эксперттин катышуусу мүмкүн болбосо, анда медицина чөйрөсүндөгү башка адис тартылат. Өлүктү кароо үчүн зарыл болгондо, башка адистер да тартылышы мүмкүн.

2. Өлүктү сыртынан кароо кийин соттук-медициналык экспертизаны дайындоону жана жүргүзүүнү алмаштырбайт жана жокко чыгарбайт.

3. Таанылбай калган өлүктөр милдеттүү фотосүрөткө тартылууга, өлүктүн ким экендигин кийин аныктоо үчүн ткандарынын үлгүсүн алуу менен дактилоскопияланууга тийиш.

4. Өлүктү кошумча же болбосо кайталап кароону жүргүзүү зарыл болгон учурда, соттук-медициналык эксперттин катышуусу милдеттүү болот.

5. Өлгөн адамдын өздүгүн аныктоо жөнүндө жарандардын сөөктү кароо процессинде берген арыздары ушул тергөө аракетинин протоколуна киргизилет, андан кийин арыз ээсин күбө катары суракка алуу жүргүзүлөт, бул кийин сөөктү башка адамдарга өздүгүн аныктоо үчүн көрсөтүүнү жокко чыгарбайт.

---

Мурунку берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-173)  
Кийинки берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-175)
