# 173-берене. Буюм далилдерин карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 173-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-173

---

1. Окуя болгон жерди кароодо табылган, тинтүү, алып коюу, тергөө экспериментин же башка тергөө аракеттерин жүргүзүүдө алынып коюлган же болбосо тергөөчүнүн талабы боюнча жеке, юридикалык жактар тарабынан берилген буюмдар ушул Кодекстин 172-беренесинде белгиленген эрежелер боюнча каралууга тийиш.

2. Каралып чыккандан кийин көрсөтүлгөн буюмдар ушул Кодекстин 86-беренесине ылайык буюм далилдери катары таанылышы мүмкүн.

Буюмду далил буюму деп таануу жана аны ишке кошо тиркөө жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анда далил буюмун иштин ичинде калтыруу же аны ээсине же башка адамдарга, уюмдарга сактоого берүү жөнүндө маселе чечилүүгө тийиш.

3. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин тергөөчү тарабынан алып коюунун, эсепке алуунун, сактоонун жана өткөрүп берүүнүн тартиби ушул Кодекстин 86, 87-беренелерине ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-172)  
Кийинки берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-174)
