# 171-берене. Тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартуунун же кол коюуга мүмкүн эместигинин фактысын күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 171-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-171

---

1. Эгерде шектүү, айыпталуучу, күбө же тергөө аракетине катышкан башка адам тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартса, бул жөнүндө протоколго тергөө аракетин жүргүзгөн адамдын койгон колу менен күбөлөндүрүлүүчү белги коюлат жана бул видеожазууну пайдалануунун жардамы менен белгиленет.

2. Протоколго кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш, ал протоколго киргизилет.

3. Эгерде шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу же күбө дене боюндагы кемчиликтеринен улам же ден соолугуна байланыштуу сурактын протоколуна кол коюу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса, анда анын өтүнүчү боюнча протоколго адвокаты, анын өкүлү кол коёт же тергөөчү башка адамды чакырат, ал суралып жаткан адамдын макулдугу менен анын көрсөтмөлөрүнүн жазылышынын тууралыгын өзүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрөт. Бул протоколго сурак жүргүзгөн тергөөчү да кол коёт. Эгерде ушул эле себептер боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын бири, башка тергөө аракетинин протоколуна кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, бул тууралуу протоколго белги коюлуп, ал тергөөчүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-172)
