# 17-берене. Күнөөсүздүк презумпциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 17-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-17

---

1. Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет.

2. Эч ким өзүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Шектүүнү, айыпталуучуну коргоодо келтирилген далилдерди четке кагуу жана күнөөнү далилдөө жүгү айыптоо тарабында жатат.

3. Ушул Кодекстин ченемдери бири-бирине карама-каршы келгенде, алардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принциптерине ылайык келген ченемдери колдонулууга тийиш.

Шектүүнүн же айыпталуучунун күнөөлүүлүгү боюнча кандай болбосун күмөн саноолор алардын пайдасына чечмеленет. Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын колдонууда пайда болгон күмөн саноолор да шектүүнүн, айыпталуучунун пайдасына чечилүүгө тийиш.

4. Айыптоо өкүмү божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-18)
