# 166-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын түшүндүрүүнүн жана камсыз кылуунун милдеттүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 166-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-166

---

Тергөөчү, прокурор тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышып жаткан шектүүгө, айыпталуучуга, күбөгө, жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө, ошондой эле башка жактарга алардын укуктарын түшүндүрүүгө жана тергөөнүн жүрүшүндө бул укуктарды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле мезгилде аларга жүктөлгөн милдеттер жана аларды аткарбоонун кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш. Ушул беренеде саналып өткөн адамдарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү алардын койгон колдору менен ырасталат.

---

Мурунку берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-165)  
Кийинки берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-167)
