# 165-берене. Тергөө жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзүүнүн жалпы эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 165-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-165

---

1. Тергөөчү тергөө аракеттерин жүргүзүүгө киришип жатып, тергөө аракеттеринин катышуучуларынын ким экендигине ынанып, аларга ушул Кодекстин 166-беренесине ылайык укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн тартибин түшүндүрүп берет.

2. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларды кошпогондо, тергөө жана башка процессуалдык аракеттерди түнкү убакта жүргүзүүгө жол берилбейт.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөө аракеттерин жүргүзүүдө техникалык каражаттарды колдонуу жана кылмыш издерин жана буюм далилдерин табуунун, аныктоонун жана алып коюунун илимий негизделген ыкмаларын пайдалануу милдеттүү болуп саналат.

4. Тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зомбулукту, коркутууну жана башка мыйзамсыз аракеттерди колдонууга, ошого тете ага катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жаратууга жол берилбейт.

5. Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында тергөө же башка процессуалдык аракеттердин өндүрүшү жөнүндө өтүнүчтү козгойт, бул жөнүндө токтом чыгарылат.

---

Мурунку берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-164)  
Кийинки берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-166)
