# 164-берене. Тергөө тобунун жетекчисинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 164-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-164

---

1. Тергөөчү – тергөө тобунун жетекчиси кылмыш ишин өз өндүрүшүнө кабыл алат, мында тергөөчүнүн ыйгарым укуктарынан пайдалануу менен сотко чейинки өндүрүштү жеке өзү жүргүзөт, тергөө тобунун ишин уюштурат, кылмыш иши боюнча чечимдерди кабыл алат.

2. Иштерди бириктирүү жана бөлүү, тергөөнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу, аны узартуу, өзгөртүү, жокко чыгаруу, кыскартуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу же кайра баштоо жөнүндө чечим тергөө тобунун жетекчиси тарабынан гана кабыл алынат;

3. Айыпталуучу катары жоопко тартуу, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом жана айыптоо актысы тергөө тобунун жетекчиси тарабынан түзүлөт.

---

Мурунку берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-163)  
Кийинки берене: [165-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-165)
