# 161-берене. Тергөө өндүрүшүнүн башталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-161.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 161-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-161

---

1. Ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүндө саналып өткөн кечиктирилгис тергөө иш-аракеттерин кошпогондо, тергөө кылмыш иши козголгондон кийин гана жүргүзүлөт. Тергөөчү өзү тарабынан козголгон же ага өткөрүлүп берилген иш боюнча тергөө ишин токтоосуз баштоого милдеттүү.

2. Кылмыш ишин козгогондугу жана ишти өз өндүрүшүнө алгандыгы жөнүндө тергөөчү тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизет, анда токтомдор автоматтык түрдө генерацияланат, алар милдеттүү түрдө кылмыш ишинин материалдарына тиркелет. Эгерде кылмыш иши тергөөчү тарабынан козголсо жана өз өндүрүшүнө кабыл алынса, тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүдө кылмыш ишин козгоо жана аны өз өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү токтом генерацияланат. Тергөөчү жогоруда аталган токтомдордун көчүрмөсүн 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго жөнөтөт.

3. Тергөөчү кылмыш иши козголгон фактынын чегинен чыкпастан тергөө жүргүзөт.

162- берене. Тергөө мөөнөтү

1. Коркунучтуулугу аз кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тергөө бир айдан кечиктирилбестен, калган бардык иштер боюнча кылмыш иши козголгон күндөн тартып 2 айлык мөөнөттө аяктоого тийиш.

2. Айыпталуучунун жана адвокаттын кылмыш ишинин материалдары менен таанышуусунун мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

3. Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган убакыт тергөө мөөнөтүнө киргизилбейт.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тергөө мөөнөтү ал тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин 7 суткадан кечиктирилбестен берилген тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча райондордун, шаарлардын прокурорлору жана аларга теңдештирилген прокурорлор тарабынан 4 айга чейин, областтын прокурору, Бишкек жана Ош шаарынын прокурорлору тарабынан – 6 айга чейин узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.

Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн иш сот тарабынан кайтарып берилгенде, ошондой эле токтотулган же кыскартылган иш кайра башталганда, тергөө мөөнөтү тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашырган прокурор тарабынан өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып 1 айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

5. Тергөөсү өзгөчө татаал болгон иштер боюнча тергөө мөөнөтү Башкы прокурордун орун басарлары тарабынан 9 айга чейин, ал эми өзгөчө учурларда мөөнөтүн андан ары узартуу Башкы прокурор тарабынан кылмыш куугунтуктоо эскирүү мөөнөтүнүн чегинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-160)  
Кийинки берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-163)
