# 160-берене. Тергөө жүргүзүлүүчү жер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 160-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-160

---

1. Тергөө кайсы жерде кылмыш жасалса, ошол райондо жүргүзүлөт. Кыйла тездикти, объективдүүлүктү жана толуктукту камсыз кылуу максатында сотко чейинки өндүрүш кылмыш аныкталган жерде, ошондой эле шектүү адам, айыпталуучу же күбөлөрдүн көпчүлүгү турган жер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Тергөөчү аталган иш өзүнө караштуу эместигин аныктаган соң, алгачкы кечиктирилгис процессуалдык аракеттерди жүргүзүүгө, андан кийин ишти тергөөгө караштуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Тергөө аракеттерин башка жерде жүргүзүү зарыл болгон учурда тергөөчү аларды жеке өзү жүргүзүүгө же бул аракеттерди жүргүзүүнү ошол жердин тергөөчүсүнө жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тергөө жери боюнча же аларды жүргүзүү жери боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө тапшырууга укуктуу. Тергөөчүнүн тапшырмасы 10 суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-161)
