# 16-берене. Жеке жашоонун, кат алышуунун, телефон менен жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугун коргоо принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2026 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=54834..55742>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 16-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-16

---

1. Жарандын кат алышуусунун, телефон жана башка сүйлөшүүлөрүнүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрүнүн жашырындуулугуна укугун чектөөгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

2. Почта, телеграф жөнөтүүлөрүнө камак салуу жана аларды байланыш мекемелеринен алууну жүргүзүү, телефон жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо, жазып алуу, пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алуу соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-17)
