# 156-берене. Ачык айып боюнча кылмыш ишин козгоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 156-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-156

---

1. Ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган себептер жана негиздер болгондо тергөөчү, прокурор кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарат, ал тиешелүү маалыматтарды киргизүү жолу менен Кылмыштардын бирдиктүү реестринде түзүлөт.

2. Токтомдо анын чыгарылган убактысы жана орду, ким тарабынан түзүлгөндүгү, кылмыш ишин козгоонун себептери жана негиздери, ишти козгоого негиз болгон кылмыш-жаза мыйзамынын беренеси, ошондой эле иштин андан аркы жүрүшү көрсөтүлөт.

3. Кылмыш ишин козгоо жөнүндө тергөөчүнүн токтомунун көчүрмөсү прокурорго 24 сааттын ичинде жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-157)
