# 155-берене. Жеке-ачык айыптоо боюнча кылмыш ишин козгоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 155-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-155

---

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, жеке-ачык айыптоо боюнча кылмыштар жөнүндө иштер жабырлануучунун арызы боюнча гана козголот. Тергөө жана соттук териштирүү жалпы тартипте жүргүзүлөт.

2. Эгерде аракет төмөнкүлөрдүн кызыкчылыктарын козгогон учурларда прокурор жана тергөөчү өзүнүн демилгеси боюнча жеке-ачык айыптоо кылмыштары жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоого укуктуу:

1) мамлекеттин жана коомдун;

2) алсыз же көз каранды абалда болгон же болбосо башка себептер боюнча өзүнө таандык болгон укуктарды өз алдынча пайдаланууга жөндөмсүз болгон адамдарга.

3. Тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомунун көчүрмөсү прокурорго 24 сааттын ичинде жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-156)
