# 154-берене. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=41934..41960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 154-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-154

---

1. Ушул Кодекстин 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, ошондой эле төмөнкү учурларда кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес:

1) финансылык жана экономикалык укук бузуулар жөнүндө маалыматтар жок болгондо, анда эксперттин корутундусу, текшерүүлөрдүн, ревизиялардын, аудиттин актылары жана башка документтер менен тастыкталган жашырылган салык же бажы төлөмдөрүнүн, келтирилген залалдын, олуттуу зыяндын же болбосо мыйзамсыз кирешенин суммасы жөнүндө маалымат жок болгондо;

2) жазуу жүзүндө түзүлгөн же сотто каралып жаткан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнү жүргүзбөстөн 24 сааттын ичинде чыгарылат.

3. Кылмыш ишин козгоо үчүн негиздер жок болгондо тергөөчү, прокурор кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Бул учурда токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыз ээсине даттануунун тартибин түшүндүрүү менен жиберилет.

Кабыл алынган чечим тиешелүү билдирүүнү алган учурдан тартып арыз ээси тарабынан 10 күндүк мөөнөттө прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.

4. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу мыйзамсыз же негизсиз деп таанылган учурда прокурор кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун жокко чыгаруу жана кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарат же болбосо материалдарды кошумча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн жиберет. Кошумча текшерүү ушул Кодекстин 153-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-155)
