# 149-берене. Жарандардын кылмыш жөнүндө арыздары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 149-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-149

---

1. Жарандардын жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арыздары оозеки же жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арызга аны жазган адамдын колу коюлууга тийиш.

2. Оозеки арыздар протоколго жазылат, ага арыз ээсинин, арызды кабыл алган кызмат адамынын (алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор) колу коюлат. Протоколдо арыз ээси, ал жашаган жана иштеген жери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле анын өздүгүн ырастоочу документтер камтылууга тийиш.

3. Арыз ээсине атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет, бул тууралуу берилген арызга же протоколго белги коюлуп, ал арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлөт.

4. Кылмыш жөнүндө анонимдүү арыз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталууга жатпайт жана ал боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлбөйт.

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-150)
