# 148-берене. Сотко чейинки өндүрүштү баштоонун себептери жана негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 148-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-148

---

1. Сотко чейинки өндүрүштү баштоонун себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө жарандардын арыздары;

2) жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын билдирүүсү;

3) алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн же прокурордун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайларды түздөн-түз тапкандыгы тууралуу рапорту;

4) кылмыш ишинин бөлүнгөн материалдары, ошондой эле чет мамлекеттен келип түшкөн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары.

2. Кылмыштын жасалышын көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу кылмыш ишин козгоого негиз болуп эсептелет

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-149)
