# 147-берене. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана каттоонун милдеттүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 147-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-147

---

1. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар кандай болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, ал катталган убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен кабыл алынган арыздын же билдирүүнүн катталгандыгы тууралуу документ арыз ээсине берилет.

2. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жаап-жашыруу Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.

3. Сот кылмыш иши жөнүндө ишти териштирүүдө кылмыштын белгилерин же болбосо кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүнү кабыл алуу, каттоо тартиби бузулгандыгын аныктайт, бул тууралуу жеке аныктама чыгарат, ал прокурорго жиберилет.

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-148)
