# 145-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000212)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.12.2023 [Закон КР от 22 декабря 2023 года № 209 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000212); 26.07.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112630)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1283050..1046>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 145-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-145

---

1. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштүн башталышынын себебин алган учурдан тартып, токтоосуз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.

2. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы тууралуу кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү алынган адамга кабарланат.

3. Тергөөчү, прокурор Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөгө чейин текшерүүнү токтоосуз баштоого милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 , 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-146)
