# 143-берене. Кылмыш иштеринин материалдарын калыбына келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 143-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-143

---

1. Кылмыш иштеринин материалдарын калыбына келтирүү прокурордун токтому боюнча тергөөчү тарабынан, ал эми алар сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жоголгон учурларда – аткаруу үчүн прокурорго жөнөтүлүүчү судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

2. Кылмыш иштеринин материалдарын калыбына келтирүү кылмыш иштеринин сакталып калган материалдары боюнча, анын ичинде электрондук форматта жүргүзүлөт, алар ушул Кодексте белгиленген тартипте жана процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү аркылуу далил катары таанылышы мүмкүн.

3. Кылмыш иштерин калыбына келтирүүдө тергөөнүн жана камакта кармоонун мөөнөттөрү ушул Кодекстин 115, 162-беренелеринде белгиленген тартипте эсептелет.

4. Эгерде калыбына келтирилип жаткан кылмыш иши боюнча камакта кармоонун чектүү мөөнөтү бүтсө, анда айыпталуучу токтоосуз бошотулууга жатат.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

---

Мурунку берене: [142-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-142-1)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-144)
