# 142-1-берене. Кылмыш ишинен материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүп чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-142-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 142-1-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-142-1

---

1. Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө же иш сотто каралып жаткан учурда башка адам тарабынан жасалган, тергелип жаткан иш боюнча айыпталуучуга жүктөлгөн кылмышка байланышпаган жаңы кылмыш жөнүндө белгилүү болгон учурда, тергөөчү, судья, сот кылмыш ишинен сотко чейинки өндүрүштү баштоо, ошондой эле белгилүү болгон кылмыш боюнча кылмыш ишин козгоо жана тергөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды ушул Кодекстин 148-151-беренелеринде каралган тартипте бөлүп чыгарат.

2. Кылмыш ишинен материалдарды бөлүп чыгуу тергөөчүнүн, судьянын, соттун токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларда же көчүрмөлөрдө бөлүп чыгарылуучу материалдардын тизмеги тиркелүүгө тийиш.

Документтердин түп нускалары болгон учурда алардын көчүрмөлөрү күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде иштин материалдарында түп нускалары көрсөтүлбөстөн документтердин көчүрмөлөрү гана бар болсо, мындай көчүрмөлөр күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.

3. Тергөөчү кылмыш ишинен материалдарды бөлүп чыгуу жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизүүгө милдеттүү.

(КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-142)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-143)
