# 141-берене. Кылмыш иштерин бириктирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года N 149 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112630)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1283047..1283048>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 141-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-141

---

1. Бир же бир нече кылмыш жасоого катышууда бир нече адамды айыптоо боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жасады деп айыптоо боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну айыптоо боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн. Кылмыш иштерин бириктирүү жөнүндө маалыматтар тергөөчү, прокурор тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизилет.

Кылмыштардын бирдиктүү реестринде айыпталуучу адамдын башка кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө маалыматтар болгондо, ага карата иш тергөө органы тарабынан токтоосуз бириктирилүүгө жатат.

2. Иштерди бириктирүү иштердин бири алардын өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт.

3. Бир нече иш бириктирилген иш боюнча өндүрүштүн мөөнөтү, убактысы боюнча биринчи козголгон иштин күнүнөн тартып эсептелет.

(КР 2023-жылдын 26-июлундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-142)
