# 14-берене. Турак жайдын жана башка объекттердин кол тийгистик принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 14-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-14

---

1. Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укукта турган турак жайынын жана башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Эч ким менчикте же башка укукта турган турак жайга жана башка объекттерге аларды пайдаланган адамдын эркине каршы кире албайт.

2. Тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү жана башка процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле менчикте же башка укукта турган турак жайга жана башка объекттерге кирүүгө соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.

3. Тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү жана башка процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле менчикте же башка укукта турган турак жайга же башка объектилерге кирүүгө ушул Кодексте каралган учурларда, соттун чечими жок жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.

4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-15)
