# 139-берене. Процессуалдык чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21269..21274>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 139-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-139

---

1. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын каражаттарынын эсебинен орду толтурулуучу кылмыш иши боюнча өндүрүш менен байланышкан чыгымдар процессуалдык чыгымдар болуп саналат.

2. Процессуалдык чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:

1) жабырлануучуга, күбөгө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, экспертке, адиске, ассистентке, котормочуга, ошондой эле кылмыш ишине катышуучу адвокатка алардын процессуалдык иш-аракеттер өткөрүлгөн жерге келип кеткендиги, жашап турушу, б.а. жолго чыгымдар, турак жайды жалдоого жана туруктуу жашаган жеринен тышкары жашоосу менен байланышкан кошумча чыгымдарды (суткалык чыгымдарды) жабууга төлөнүүчү суммалар;

2) туруктуу эмгек акысы жок күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын өкүлдөрүнө күндөлүк ишинен алагды кылгандыгы үчүн төлөнүүчү суммалар;

3) иштеген жана туруктуу эмгек акысы бар күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө аларды тергөөчүгө же сотко чакырууга байланыштуу кетирген убактысы үчүн кем төлөнгөн эмгек акыларынын ордун толтурууда төлөнүүчү суммалар;

4) эксперттерге, котормочуларга, адистерге, ассистенттерге мындай милдеттерди кызматтык милдет тартибинде аткарган учурлардан тышкары, тергөөдө же сотто өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөнүүчү сый акылар;

5) шектүү, айыпталуучу аны төлөөдөн бошотулган учурда адвокат мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды көрсөткөндүгү үчүн же болбосо адвокат макулдашууну түзбөстөн дайындоо боюнча тергөөгө же сотко катышкандыгы үчүн төлөнүүчү суммалар;

6) буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө чыгымдалган суммалар;

7) тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдалган суммалар;

8) эксперттик мекемелерде экспертиза жүргүзүүгө чыгымдалган суммалар;

9) кылмыш иши боюнча өндүрүштө жумшалган башка чыгымдар.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-5, 8-пункттарында көрсөтүлгөн суммалар тергөөчүнүн, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча төлөнөт.

(КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-140)
