# 137-берене. Мөөнөттөрдү эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 137-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-137

---

1. Ушул Кодексте каралган процессуалдык мөөнөттөр сааттар, суткалар, күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.

2. Мөөнөттү эсептөө төмөнкү эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт:

1) бир күн мөөнөттү эсептөөдө 24 саат деп эсептелет. Мөөнөттү суткалар менен эсептөөдө ал кийинки суткалардын 24:00 саатында бүтөт;

2) мөөнөттү суткалар менен эсептөөдө мөөнөт башталган күн эсепке алынбайт;

3) ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, мөөнөттү айлар менен эсептөөдө мөөнөт башталган саат жана сутка эске алынбайт. Ай менен жыл календарь боюнча эсептелет. Мөөнөттү ай жана жылдар менен эсептөөдө ал акыркы айдын, жылдын тийиштүү күнүндө бүтөт. Эгерде айлар боюнча эсептелген мөөнөттүн аякташы тийиштүү күнү жок ошондой айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт;

4) эгерде мөөнөттүн аякташы жумуш эмес күнгө туура келсе, анда кармоодо, камакка, үй камагына алууда жана медициналык мекемеде болгон мөөнөттөрүн эсептегенден тышкары, дем алыш же майрам күндөрүнөн кийинки биринчи иш күнү мөөнөттүн акыркы күнү деп эсептелет;

5) кармаган учурда мөөнөт бул чараны иш жүзүндө колдонгон учурдан (сааттан жана мүнөттөн) тартып эсептелет.

3. Эгерде даттануу, өтүнүч же башка документ мөөнөтү бүткөнгө чейин почтага тапшырылса, аларды кабыл алууга ыйгарым укуктуу адамга берилсе же билдирилсе, ал эми камакта кармалган же болбосо медициналык мекемеде жаткан адамдар үчүн – даттануу же башка документ камакта кармоочу жайдын же медициналык мекеменин администрациясына мөөнөтү бүткөнгө чейин тапшырылса, анда мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-138)
