# 135-берене. Моралдык залалдын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 135-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-135

---

1. Келтирилген моралдык залалды акчалай түрдө компенсациялоо жөнүндө доо жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде билдирилет.

2. Эгерде реабилитацияланганды кармоо, аны камакка алуу, кызматынан убактылуу четтетүү, ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу, реабилитацияланганды соттоо жана ага карата башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу жөнүндө маалыматтар басма сөздө жарыяланса, радиодон, теле көрсөтүүдөн же башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан берилсе, анда реабилитациялангандын, ал эми ал өлгөн учурда – анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча же болбосо соттун, прокурордун, тергөө органынын жетекчисинин, тергөөчүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча тиешелүү жалпыга маалымдоо каражаттары 30 сутканын ичинде реабилитациялоо жөнүндө билдирүү жасоого милдеттүү.

3. Реабилитациялангандын, ал эми ал өлүп калган учурда – анын жакын туугандарынын, жубайынын талабы боюнча сот, прокурор, тергөөчү 14 суткадан кеч эмес мөөнөттө адамды актаган чечимдердин кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламаны ал иштеген, окуган же жашаган жери боюнча жиберет.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-136)
