# 134-берене. Мүлктүк зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 134-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-134

---

1. Реабилитацияланганга мүлктүк зыяндын ордун толтуруу төмөнкүлөрдүн ордун толтурууну камтыйт:

1) кылмыш куугунтугунун натыйжасында ажыраган эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду, башка каражаттарды;

2) соттун өкүмүнүн, аныктамасынын, токтомунун негизинде мамлекеттин кирешесине конфискацияланган же алынган мүлктү;

3) соттун өкүмүн аткаруу үчүн андан өндүрүп алынган айып акыларды же процессуалдык чыгымдарды;

4) юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ал төлөп берген суммаларды;

5) башка чыгымдарды.

2. Реабилитацияланган зыяндын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө кабарлама алган учурдан тартып 6 айдын ичинде мүлктүк зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө доо арызы менен өзү жашаган жери боюнча тиешелүү сотко же болбосо турган жери боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Доо жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш.

3. Мүлктүк зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө талап реабилитациялангандын мыйзамдуу өкүлү тарабынан билдирилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-135)
