# 133-берене. Реабилитациялоо укугун таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 133-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-133

---

1. Сот өкүмдө, аныктамада, токтомдо, ал эми тергөөчү, прокурор – токтомдо акталган же болбосо ага карата кылмыш куугунтугу кыскартылган адамдын реабилитацияга болгон укугун тааныйт. Бир эле убакта реабилитациялануучуга кылмыш куугунтугу менен байланышкан зыяндын ордун толтуртуунун тартибин түшүндүрүү менен кабарлама жиберилет.

Каза болгон реабилитацияланган адамдын мураскорлорунун, жакын туугандарынын, жубайынын же анын багуусундагылардын жашаган жери жөнүндө маалыматтар болбогондо, кабарлама сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдарга же сотко алар кайрылган күндөн тартып 5 суткадан кечиктирбестен жиберилет.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-134)
