# 132-берене. Реабилитациялоо укугунун келип чыгышынын негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 2 августа 2023 года № 151 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112634)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1283048..1283049>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 132-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-132

---

1. Реабилитациялоо укугу өзүнө мүлктүк зыяндын ордун толтуруу укугун, моралдык залалдын кесепеттерин жоюуну жана эмгектик, пенсиялык, турак жайлык жана башка укуктардын калыбына келтирилишин камтыйт. Адамга кылмыш куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду, алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун күнөөсүнө карабастан, мамлекет тарабынан толук көлөмдө толтурулат.

2. Реабилитациялоо укугуна, анын ичинде кылмыш куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуруу укугуна төмөнкүлөр ээ:

1) ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү бар акталган адам;

2) аларга карата кылмыш куугунтугу ушул Кодекстин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6, 8, 10 жана 14-пункттарында каралган негиздер боюнча кыскартылган шектүү, айыпталуучу;

3) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адам, - ушул чараны колдонуу жөнүндө соттун мыйзамсыз же негизсиз токтому жокко чыгарылган учурда.

3. Адам өлгөн учурда реабилитациялоо укугу мыйзамда белгиленген тартипте анын мураскорлоруна өтөт, ал эми төлөп берүү токтотулган пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуу бөлүгүндөгү укук - багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия менен камсыз кылынуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген үй-бүлө мүчөлөрүнө өтөт.

4. Ушул берененин эрежелери эскирүү мөөнөтү өткөндө, жабырлануучунун жеке-ачык айыпты колдоодон баш тартканында жана (же) жабырлануучу менен жарашканда, кылмыш жоопкерчилигин тартуучу куракка толбогондугуна байланыштуу адамга карата колдонулган кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары же коюлган айыптоо өкүмү жокко чыгарылганда же өзгөртүлгөндө, же болбосо жосундун кылмыштуулугун же жазалуулугун жокко чыгарган мыйзам кабыл алынган учурларда жайылтылбайт.

5. Эгерде адам сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өзүн-өзү айыптоо жолу менен ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыгышына өбөлгө болгон учурда келтирилген зыяндын орду толтурулбайт. Бирок, зомбулуктун, коркутуунун жана башка мыйзамсыз чаралардын колдонулушунан келип чыккан өзүн-өзү айыптоо зыяндын ордун толтурууга жолтоо болбойт. Мында мыйзамсыз чараларды колдонуу фактысы соттун айыптоочу өкүмү менен белгиленүүгө тийиш.

(КР 2023-жылдын 2-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-133)
