# 130-берене. Даттанууларды кароонун соттук тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 130-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-130

---

1. Прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүү органдарынын токтомдору, ошого тете башка чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча сотко кылмыш-жаза иштери келип түшкөнгө чейин даттанылышы мүмкүн.

2. Эгерде анын кызыкчылыгы даттанылып жаткан аракет (аракетсиздик) же чечимдер менен түздөн-түз козголуп жаткан башка адамдын кызыкчылыгы кылмыш ишине катышып жатса, тергөө судьясы прокурордун, тергөөчүнүн токтомдорунун, ошого тете башка чечимдеринин жана аракеттеринин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип, ал жөнүндө арыздануучунун жана анын адвокатынын, кылмыш ишке катышып жаткан мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлүнүн катышуусу менен соттук отурумда даттануу келип түшкөн күндөн тартып 10 суткадан кечиктирбестен чечим чыгарат. Даттанууну кароонун убактысы жөнүндө өз убагында кабарланган жана аны өздөрүнүн катышуусу менен кароону талап кылбаган адамдардын келбей коюусу сот тарабынан даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

Тергөө судьясынын токтому жарыялангандан кийин тараптарга токтоосуз тапшырылат.

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-131)
