# 13-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 13-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-13

---

1. Ар бир адамга кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн бардык баскычында анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берилет.

2. Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы кылмыш-жаза процессине катышкан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга, аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, процесстин катышуучуларынын мыйзамдуу талаптарын канааттандырууга өз убагында чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана (же) чөйрөсү ушул Кодексте аныкталган жакын туугандарына каршы күбөлүк кылууга милдеттүү эмес.

4. Кылмыш-жаза иши боюнча сот ишин жүргүзүүдө жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун натыйжасында ага келтирилген залалдын орду мыйзамда белгиленген негиздер боюнча жана тартипте толтурулууга тийиш.

5. Жабырлануучуга, күбөгө же ишке катышкан башка жактарга, ошондой эле алардын жакын туугандарына, жубайына зомбулук колдонуу, мүлкүн жок кылуу же залалга учуратуу коркунучу келтирилгени же башка коркунучтуу, мыйзамга каршы аракеттерге дуушар кылынганы тууралуу жетиштүү маалыматтар болгондо, сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү органы өз кызмат укуктарынын чегинде андай адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн коргоого мыйзамда каралган чараларды көрүүгө милдеттүү.

6. Айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, сот аны актоого милдеттүү.

7. Прокурор шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал адамды кылмыш куугунтуктоосун кыскартуу үчүн чараларды көрүүгө, ал эми айыпталуучуга карата – сотто айыптоону колдоодон баш тартууга милдеттүү.

8. Тергөөчү шектүүнүн, айыпталуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн фактылар табылган учурда, ал жакка карата кылмыш-жаза куугунтуктоосун кыскартууга милдеттүү.

9. Эч ким өзүнүн кылмыш жасаганын жеке моюнга алуусунун негизинде гана соттолууга тийиш эмес.

10. Эч ким кандайдыр бир жарандык-укуктук милдеттенмени аткара албаганы үчүн эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-14)
