# 126-берене. Даттанууну берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 126-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-126

---

1. Даттануу кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан, мыйзам менен даттанууну кароого жана ал боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга же кызмат адамына берилет.

2. Даттануу оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Оозеки даттануу протоколго түшүрүлөт, ага арыз ээси жана аны кабыл алган кызмат адамы кол коёт. Даттанууга кошумча материалдар тиркелиши мүмкүн.

3. Даттанууну берген адам аны кайра чакырып алууга укуктуу. Шектүү, айыпталуучу адвокаттын даттануусун чакыртып алууга укуктуу, жабырлануучу мыйзамдуу өкүлүнөн тышкары, өзүнүн өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Даттанууну чакыртып алуу аны кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.

4. Эгерде тергөөчү, прокурор же судья муну керек деп таппаса, даттануунун берилиши даттанылып жаткан аракетти жүргүзүүнү жана даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтотпойт.

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-127)
