# 124-берене. Өтүнүчтү билдирүү жана аны чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 124-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-124

---

1. Өтүнүч кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кандай гана болбосун баскычында билдирилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү өтүнүч ишке тиркелет, оозеки түрүндөгүсү – тергөө аракеттеринин же соттук отурумдун протоколуна киргизилет.

2. Өтүнүч ал билдирилгенден кийин ал каралууга жана чечилүүгө тийиш. Өтүнүч боюнча чечимди тез арада кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда ал билдирилген күндөн тартып 3 суткадан кечиктирилбестен чечилүүгө тийиш.

3. Өтүнүчтү канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө тергөөчү, прокурор, судья – токтом, ал эми сот – аныктама чыгарат, ал өтүнүч билдирген адамга жеткирилет.

4. Өтүнүчтү четке кагуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кийинки этаптарында аны кайтадан билдирүүгө тоскоолдук кылбайт.

5. Өтүнүч боюнча чечим ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-125)
