# 123-берене. Өтүнүчтөрдү билдирүүгө укуктуу адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 123-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-123

---

1. Шектүү, айыпталуучу, адвокат, жабырлануучу, анын мыйзамдуу өкүлү жана өкүл, эксперт, уюмдун администрациясынын өкүлү жана сотко чейинки же соттук өндүрүштүн жүрүшүндө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон башка адам процессуалдык аракеттерди жүргүзүү же кылмыш иши үчүн мааниге ээ болгон жагдайларды белгилөө, өтүнүч менен кайрылган адамдын же болбосо аларга сунушталган адамдын же уюмдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн процессуалдык чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен тергөөчүгө, прокурорго, сотко кайрылууга укуктуу.

2. Тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттин кызыкчылыгында өтүнүч билдирүү укугуна прокурор, мамлекеттик айыптоочу ээ.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-124)
