# 122-берене. Жакындоого тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 122-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-122

---

1. Жакындоого тыюу салуу – айыпталуучуну жабырлануучу жана ишке катышкан башка адамдарды издөөдөн, куугунтуктоодон, баруудан, алар менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн жана башка жолдор менен баарлашуудан аларды коргоо максатында чектөөдөн турат.

Жакындоого тыюу салуу тергөө судьясы же сот тарабынан колдонулат.

2. Айыпталуучу тарабынан үй-бүлөсүнө жана балдарына карата реалдуу коркунуч болгондо же зордук-зомбулукту колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен байланышкан кылмышты жасаганда, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган адам жабырлануучунун же коргоого муктаж болгон башка адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, прокурордун көрсөтмөсү боюнча же анын демилгеси боюнча тергөө судьясынын алдында жакындоого тыюу салуу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүч келтирүү жөнүндө токтом чыгарат.

Токтомго жакындоого тыюу салуунун зарылдыгын ырастаган кылмыш ишинин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет. Токтомдун көчүрмөсү ошол эле учурда прокурорго жиберилет.

3. Жакындоого тыюу салуу бузулганда айыпталуучуга карата ушул Кодекстин 104-беренесинде каралган бөгөт коюу чараларынын түрлөрүнүн бири колдонулушу мүмкүн.

4. Жакындоого тыюу салууну жокко чыгаруу сотко чейинки өндүрүш органынын жүйөлүү токтому менен же болбосо сот тарабынан, эгерде бул чараны колдонуунун зарылчылыгы жоголгондо жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-123)
