# 120-берене. Кызматтан убактылуу четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 120-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-120

---

1. Тергөөнүн жүрүшүндө тергөө судьясы, ал эми сот өндүрүшүндө – сот тергөөчүнүн, прокурордун же жабырлануучунун өтүнүчү боюнча бул кызматта калуу менен ишти сотто калыс кароого же териштирүүгө тоскоолдук кылат же кылмыштуу ишти жасоону улантат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, шектүүнү, айыпталуучуну кызматынан убактылуу бошотууга укуктуу.

2. Өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу документтерди тиркөө менен кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү тергөөчү, прокурор тарабынан айыпталуучуга, анын адвокатына аны тергөө судьясына, сотко бергенге чейин 3 сааттан кеч эмес мөөнөттө тапшырылат.

3. Айыпталуучуну кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы алар иштеген жер боюнча уюмдун жетекчисине жиберилип, жетекчи аларды алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарууга жана бул жөнүндө тергөөчүгө, прокурорго же сотко кабарлоого милдеттүү.

4. Айыпталуучуну кызматынан убактылуу четтетүү бул чараны колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жокко чыгарылат.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-121)
