# 119-берене. Айдап келүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 119-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-119

---

1. Шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу, күбө жүйөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгон учурда тергөөчүнүн же судьянын (соттун) жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча айдап келүүгө (мажбурлап жеткирилүүгө) дуушар болушу мүмкүн.

2. Келбей коюунун жүйөлүү себептери деп төмөнкүлөр таанылат:

1) адамды келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;

2) жакын туугандарынын, жубайынын өлүмү;

3) табигый кырсыктар;

4) чакыруу кагазын албай калуу;

5) адамды белгиленген мөөнөттө келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан башка жагдайлар.

Чакыруу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө тоскоолдук кылган жүйөлүү себептердин болгондугу жөнүндө шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу, күбө өздөрү чакыртылган органга маалымдоого милдеттүү.

3. Айдап келүү жөнүндө токтом шектүүгө, айыпталуучуга, жабырлануучуга, күбөгө жарыя кылынат, бул токтомдогу алардын койгон колу менен ырасталат.

4. Айдап келүү түнкү убакта жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

5. 14 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн турган жерин таштап кете албаган же таштабоого тийиш болгон оорулуу адамдар айдап келүүгө жатпайт, бул медициналык мекеме тарабынан ырасталууга жатат.

6. Сотко чейинки өндүрүштөгү айдап келүү алгачкы тергөө органы, ал эми соттук өндүрүштө – сот приставы тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-120)
