# 118-берене. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 118-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-118

---

1. Жабырлануучу же күбө тергөө иш-аракеттерине же соттук териштирүүгө катышуудан качышы мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо же жүйөөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгондо, жогоруда аталган адамдардан келип туруу жөнүндө милдеттенме алынышы мүмкүн.

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүүчү орган процесстин нормалдуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган адамдарды тиешелүү органга же сотко чакыруу боюнча өз учурунда келиши, ал эми жашаган жерин өзгөрткөн учурда – бул жөнүндө токтоосуз билдириши тууралуу жазуу жүзүндө милдеттенмени алууга укуктуу. Келип туруу жөнүндө милдеттенме алган көрсөтүлгөн адамдар аны аткарбагандыктын кесепеттери жөнүндө эскертилет.

3. Келип туруу жөнүндө милдеттенмелер жабырлануучу, күбө тарабынан аткарылбаса, айдап келүү колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-119)
