# 117-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 117-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-117

---

1. Ушул Кодексте каралган кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тартибин, өкүмдүн талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу максатында кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзгөн орган шектүүгө, айыпталуучуга карата төмөнкү түрдөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу:

1) келүү жөнүндө милдеттенме;

2) айдатып келүү;

3) кызматтан убактылуу четтетүү;

4) мүлккө камак салуу;

5) жакын келүүгө тыюу салуу.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда иш анын өндүрүшүндө турган орган жабырлануучуга, күбөгө жана процесстин башка катышуучуларына келип туруу жөнүндө милдеттенме алуу, айдап келүү түрүндөгү кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-118)
