# 116-берене. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 116-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-116

---

1. Эгерде мындан ары зарылдык жок болгондо, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат же болбосо иштин жаңы жагдайлары түзүлгөн учурда кыйла жумшак же кыйла катуу чарага өзгөртүлөт. Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тергөө судьясынын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.

Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө өтүнүч сотко келип түшкөн учурдан тартып тергөө судьясы тарабынан 3 сутканын ичинде каралат.

2. Айыпталуучуну камакка алууга жол бербеген жана медициналык корутунду менен ырасталган оор оору аныкталса, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы анча катуу эмесине өзгөртүлүшү мүмкүн. Айыпталуучуларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Бөгөт коюу чарасы кыйла катуураак түрүнө төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:

- эгерде айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренесинде каралган оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген жаңы айып коюлса;

- эгерде айыпталуучу мурда колдонулган бөгөт коюу чарасынын шарттарын бузса.

3. Кылмыш куугунтугун кыскартуу, тергөөнүн мөөнөттөрүн узартпоо бөгөт коюу чарасын токтоосуз өзгөртүүгө же жокко чыгарууга алып келет. Бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же жокко чыгаруу кылмыш иши анын өндүрүшүндө турган органдын токтому боюнча көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-117)
