# 114-берене. Камакка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2024 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты прав предпринимателей и инвесторов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21156..21166>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 114-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-114

---

1. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу кылмыш-жаза мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата башка кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууда тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында анын негизинде судья, сот мындай чечим кабыл алган конкреттүү, иш жүзүндөгү жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. Соттук отурумдун жүрүшүндө текшерилбеген же болбосо ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен берилген маалыматтар мындай жагдайлар болуп саналбайт.

2. Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата төмөнкү жагдайлардын бири болгондо колдонулушу мүмкүн:

1) айыпталуучунун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо;

2) анын инсандыгы аныкталбаганда;

3) ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда;

4) ал тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса;

3. Эгерде камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы айыпталуучу жокто же ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык колдонулса, бул адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин, ал эми бала – 24 саат өткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн белгилөө үчүн же болбосо бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени кароо үчүн сотко жеткирилиши керек.

4. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата менчикке каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 210, 214, 215-беренелери), экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 218, 220, 223, 225, 228, 230, 231-беренелери), акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү (Кылмыш-жаза кодексинин 232, 235-237-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү (Кылмыш-жаза кодексинин 238-244-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 245, 247-беренелери) кылмыштар боюнча камакка алуу колдонулбайт. Биринчи кезекте ушул Кодекстин 1091, 112 же 113-беренелеринде каралган бөгөт коюу чараларын колдонуу каралууга тийиш

5. Кылмыш-жаза куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата камакка алуу колдонулбайт.

6. Кылмыш иши өндүрүшүндө турган тергөөчү, сот 12 сааттын ичинде айыпталуучунун жакын туугандарына, жубайына, ал эми аскер кызматчысына карата аскер бөлүгүнүн командачылыгына анын камакта кармай турган жер жөнүндө же камакта кармоо жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалымдайт.

7. Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамдын жакын туугандары, жубайы менен жолугушуусу иш өндүрүшүндө турган тергөөчүнүн же соттун уруксаты менен гана берилиши мүмкүн.

8. Тергөөчү, сот коргоочу тараптын өтүнүчү боюнча камакка алынган адамга өз убагында (12 сааттан кеч эмес) медициналык кароо жүргүзүү үчүн кирип турууну камсыз кылууга, ал эми зарыл болгон учурда комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындоого милдеттүү.

9. Камакта кармоочу жайдын администрациясы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомуна, соттун аныктамасына адамдын даттануусун алган учурдан тартып 12 сааттан кеч эмес мөөнөттө прокурорго кабарлоо менен тиешелүү сотко даттануу жиберүүгө милдеттүү.

10. Камакка алуу жөнүндө бөгөт коюу чарасын колдонуудан баш тарткан судьянын токтому, соттун аныктамасы чыгарылгандан кийин, ошол эле адамды, ошол эле кылмыш иши боюнча камакка алуу жөнүндө өтүнүч менен сотко кайталап кайрылуу, камакка алуунун зарылдыгын негиздөөчү жаңы жагдайлар келип чыкканда гана мүмкүн.

11. Эгерде айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну колдонуу жөнүндө маселе сотто келип чыкса, анда бул жөнүндө чечимди тараптын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча сот кабыл алып, ал жөнүндө аныктама же токтом чыгарылат.

(КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-115)
