# 113-берене. Үй камагы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2024 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты прав предпринимателей и инвесторов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=21156..21166>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 113-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-113

---

1. Үй камагы айыпталуучунун ары-бери эркин жүрүүсүн чектөөлөрдөн турат, ага белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө, турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө, соттун уруксатысыз административдик аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.

11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө үй камагын колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш.

2. Үй камагы айыпталуучуга карата тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча ушул Кодекстин 104, 107-беренелеринде белгиленген негиздер болгондо жана тартипте бөгөт коюу чарасы катары колдонулат.

3. Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (айыпталуучу болуучу жер, үй камагынын мөөнөтү жана (же) айыпталуучуга карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр жана аларды сактоонун мөөнөттөрү) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн аткарылышын контролдоо жүктөлгөн орган жана кызмат адамы көрсөтүлөт.

Контролду жүзөгө ашыруу максатында контролдун аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн.

4. Айыпталуучу үй камагынын шарттарын бузган учурда ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, ал жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда же бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт.

(КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-114)
