# 112-берене. Күрөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026813)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 96 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026813); 22.07.2024 [Закон КР от 22 июля 2024 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты прав предпринимателей и инвесторов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167); 22.01.2024 [Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000830)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=28721..31844>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 112-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-112

---

1. Күрөө - айыпталуучу же болбосо башка адам тарабынан айыпталуучунун ушул Кодекстин 105-беренесинде саналып өткөн аракеттерди жасабагандыгынын кепилдиги катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине төгүлүүчү акчалай сумма. Жарандык жүгүртүүдөн алып салынган жана мыйзамга ылайык ага жаза салынышы мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо, камак салынуучу башка баалуулуктар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн. Күрөө катары башка баалуулуктарды, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү берүүдө айыпталуучу же болбосо башка адам аларды кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органга укук белгилөөчү документтери менен берүүгө милдеттүү. Күрөөнүн баалуулугун далилдөө жана чектөөлөрдүн жоктугу айыпталуучуга же болбосо башка адамга жүктөлөт.

2. Күрөөнүн өлчөмү коюлуп жаткан келтирилген зыяндын өлчөмүнө, кылмыштын оордук даражасына жана айыпталуучунун ким экендигине жана мүлктүк абалына жараша тергөө судьясы, судья, сот тарабынан аныкталат.

Мында анча оор эмес кылмыш иштери жана коркунучу аз кылмыштар боюнча күрөөнүн өлчөмү 500 эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого, ал эми оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча - 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш.

3. Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечимди тергөө судьясы, судья, сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын же башка чараны колдонуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча соттук отурумда айыпталуучу, анын адвокаты, мыйзамдуу өкүлү менен камакка алууга альтернативдүү болгон бөгөт коюу чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоонун жыйынтыгын эске алуу менен кабыл алууга укуктуу.

Тергөө судьясы, судья, сот күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алып, күрөөнүн өлчөмүн жана киргизүү мөөнөтүн белгилейт. Эгерде айыпталуучу кармалса, анда кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган шартта күрөө киргизилгенге чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалат. Күрөөнүн суммасы атайын банктык эсепке салынган же күрөө киргизилгенге чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо судья, сот тарабынан аныкталган күрөө суммасына өлчөмдөш же андан көп болгон баалуулуктар, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк берилген учурда, айыпталуучунун, анын адвокатынын, күрөөнү киргизген адамдын өтүнүчү боюнча тергөө судьясы 24 сааттын ичинде, ал эми сот - өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 5 сутканын ичинде соттук отурумда бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени чечет. Прокурорду, адвокатты кошпогондо, тараптардын келбей калышы бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

31. Баалуулуктарды, кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөө катары берүүдө тергөө судьясы, судья, сот прокурордун, адвокаттын, күрөө берүүчүнүн катышуусу менен ошол мүлктү камакка алат. Мүлктү күрөө катары кабыл алуу жана ага камак салуу жөнүндө токтом, ошондой эле берилген мүлктүн документтери кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органга өткөрүлүп берилет. Соттук отурумга катышуучу жактарга токтомдун көчүрмөсү берилет.

4. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде, 128-беренесинин 3-бөлүгүндө, 130-беренесинин 3-бөлүгүндө, 137-беренесинде, 154-157-беренелеринде, 159-беренесинин 2-бөлүгүндө, 162, 164-беренелеринде, 165-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 166-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 167-беренесинде, 169-беренесинин 3-бөлүгүндө, 170-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 180-беренесинин 3-бөлүгүндө, 182-беренесинде, 206-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө, 252, 253-беренелеринде, 254-беренесинин 2-бөлүгүндө, 256, 260-263-беренелеринде, 267-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө, 270-беренесинин 2-бөлүгүндө, 276-беренесинин 2-бөлүгүндө, 281-беренесинде, 284-беренесинин 2-бөлүгүндө, 323-326, 328-330-беренелеринде, 331-беренесинин 2-бөлүгүндө, 332, 335, 336-беренелеринде, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө, 338-беренесинин 3-бөлүгүндө, 339-беренесинин 2-бөлүгүндө, 340-беренесинин 2-бөлүгүндө, 342-344-беренелеринде, 345-беренесинин 3-бөлүгүндө, 402-416-беренелеринде каралган кылмыштар боюнча күрөө колдонулбайт.

Иликтенип жаткан кылмыш иши боюнча айыпталуучу мурда колдонулган бөгөт коюу чарасын бузган учурларда күрөө колдонулбайт.

5. Тергөө судьясы, судья күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарат, анын көчүрмөсү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга тапшырылат. Мында күрөө киргизүүчү айыпталуучу же болбосо башка адам ушул бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маңызы тууралуу жана күрөөнү мамлекеттин кирешесине айландыруунун негиздери жөнүндө кабардар болууга тийиш, бул тууралуу протоколдо көрсөтүлөт.

51. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө күрөөнү колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш.

6. Эгерде айыпталуучу төмөнкүдөй бузуулардын бирине жол берсе, киргизилген күрөө мамлекеттин кирешесине айландырылат:

1) тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса;

2) тергөөнү объективдүү жүргүзүүгө жана ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган аракеттерди жасаса.

7. Ушул берененин 6-бөлүгүндө саналып өткөн бузуулар жөнүндө бузуулардын жагдайлары жана алардын болгондугун ырастоочу иш жүзүндөгү маалыматтар баяндалган протокол түзүлөт. Протоколго күрөө киргизүүчү айыпталуучу же болбосо башка адам кол коёт. Ишти сот карап жатканда айыпталуучу көрсөтүлгөн бузууларды жасаган учурда, бузуунун жагдайлары соттук отурумдун протоколунда баяндалат.

8. Күрөөнү кайтарып берүү же аны мамлекеттин кирешесине айландыруу маселеси сот тарабынан кылмыш иши боюнча токтом, аныктама, өкүм чыгарууда чечилет. Кылмыш иши сотко чейинки өндүрүштө кыскартылган учурда күрөө аны киргизген адамга тергөөчү тарабынан кайтарылып берилет.

81. Баалуулуктар, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк күрөө катары берилген учурда мамлекеттин кирешесине айландыруу мүлктүн тергөө судьясы, судья, сот тарабынан аныкталган күрөөнүн суммасына өлчөмдөш болгон бөлүгүнө жүргүзүлөт.

9. Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн учурда, эгерде ал айыпталуучунун талаптагыдай эмес жүрүм-турумуна байланышпаса, күрөө киргизген адамга кайтарылып берилет.

10. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 сутканын ичинде күрөө аны киргизген адамга кайтарылып берилет.

(КР 2024-жылдын 22-январындагы № 24, 2024-жылдын 22-июлундагы № 133, 2025-жылдын 19-майындагы №96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-113)
