# 111-берене. Баланы көз салууга өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 111-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-111

---

1. Баланы ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, ошондой эле атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрүнүн көз салуусуна өткөрүп берүү баланын туура жүрүм-турумун жана анын тергөөчүгө, прокурорго жана сотко келип турушун камсыз кылууга аталган жактардын биринин жазуу жүзүндө берген милдеттенмесинен турат.

2. Баланы ата-энесинин же башка адамдардын көз салуусуна өткөрүп берүү алардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча гана мүмкүн болот, ошол эле убакта аларга бала жасады деп айыпталып жаткан кылмыштын мүнөзү жана көз салуу боюнча өздөрүнө алган милдеттерди бузган учурдагы жоопкерчиликтери жөнүндө билдирилет.

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-112)
